2019-11-19


“ДОБРО ПОЖАЛОВАТЬ В ТУРИЗМ” 2019


Ар жылы 1-курстун студенттерине арналган “Туризмге кош келдиңиз” аттуу тааныштыруу кечесин жогорку мектептин 2 курстун студенттери жана данышман мугалимдердин колдоосу менен уюштурулуп келүүдө. Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектептин мүдүрү доц.м.а.док. Толга ГӨК агайыбыз жогорку мектептин учурдагы абалын, стратегиялар, алдыга коюлган максаттары менен бөлүштү. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн иштеген ишканалар, позициялар жана мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу маалыматтар студенттердин кызыкчылыгын жаратты. Конок болуп келген бүтүрүүчүлөрүбүз жалпы университет жамаатына жана ректорлорго ыраазычылыктарын билдирип,  биринчи курсттун студенттерине университет тарабынан түзулгөн мүмкүнчүлүктөрун, мугалимдер берген билимдерин толугу менен пайдаланып мыкты  адис болушун каалап жолдомо сөздөрүн айттышты. Тааныштыруу кечебиз студенттер тарабынан уюштурулган концерттик программа менен аяктады.